КҮНСЕРЕП: Бороон алдындагы жымжырттык

Бүгүн, 22-сентябрь, күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйыны тынч өттү. Депутаттардын бири-бирин айыптоолору, курч билдирүүлөрү жана микрофон өчүрүүлөр болгон жок. Коалициянын тарашы тууралуу буга чейин активдүү талкууланып жаткан имиштерди айтууга шылтоо да жаралган жок, балким, бул маселе өтө тар чөйрөдө гана каралып жаткандыр. Кечээ эле бири-бирин күнөөлөшкөн депутаттар бүгүн жыйында чогуу отуруп, өлкөдөгү маселелерди көтөрүп, күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун баарын саат 14:00гө чейин талкуулап, бир аз талашып-тартышып, андан соң добуш берип, 15:00дө үйлөрүнө тарап кетишти. “Мындай көрүнүш депутаттардын этикалык деңгээлинин өсүп баратканынын белгиси” дегенге эч ким деле ишенбесе керек. Ал эми “Ак үйдүн “7-кабатынан” кол алдындагы депутаттарга “фас” деген буйрук берилген жок” деген версия чындыкка кыйла жакын, анткени “7-кабат” Бишкектеги Ак үйдөн Түркияга убактылуу көчүп кеткен. Балким, бул бийликтин 1-октябрга чейин тайм-аут алганына байланыштуу чыгар. Кыскасы, бүгүн өлкөнүн саясий айдыңында расмий эмес жарыяланган жымжырттык сакталууда. Мындай абалда ар тарап өз стратегияларын түзүп жатышат. Маалыматтык согуштун жымжырттыктан кийин башталчу экинчи толкуну канчалык күчтүү болору тараптардын чабуулдарды жасоого жана чабуулдарга жооп берүүгө даярданып келишине байланыштуу...

Эми Жогорку Кеңештин бүгүн кабыл алган мыйзам долбоорлорунун бирине токтолсок. Парламент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүүнүн эрежелерин бекиткен "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Эми бул документ 3-окууда каралып, мыйзам катары кабыл алынса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Жогорку Кеңеште мыйзамдарды кабыл алууда 1-2-окуудан өтүү эң оор болуп саналат, ал эми 3-окууда депутаттар редакциялык өзгөртүүлөрдү гана сунуштай алышат. Президент Конституцияны өзгөртүүгө кызыкдар болгондуктан, анын бул мыйзамга кол коёруна эч ким күмөн санабайт. Бирок мыйзам долбоору кандай бузуулар менен кабыл алынып жатканы тууралуу айтуу зарыл.

20-сентябрда аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинде каралып жатканда "Ата Мекендин" лидери депутат Өмүрбек Текебаев бул документ ченемдик-укук актыларды кароо жол-жоболорун тактап алуу үчүн убакыт талап кылынарын айтып, аны азырынча карабай туруу сунушун киргизген эле. Ал бул документ буга чейин көптөн бери кабыл алынбай келип, бирок быйыл эмнегедир шашылыш түрдө түртүп өткөрүлүп жатканына нааразы болгон. Текебаев мыйзам долбоору регламентке ылайык адистердин экспертизасынан өтүшү зарыл экенин эскерткен. Андан тышкары "Бир бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова аталган долбоор биринчи жана экинчи окуунун ортосунда коомдук талкууга коюлушу керектигин, бул мыйзам долбоору андай талкуудан өтпөгөнүн, экспертиза жүргүзүлбөгөнүн айткан. Бирок КСДПнын өкүлү башкарган комитет депутаттардын “регламент бузулуп жатат” деген эскертүүлөрүнө карабай долбоорду жактырган. Бүгүн долбоорду кароо Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында улантылды. КСДП фракциясынын депутаттары мыйзам долбоору боюнча талкууну бүтүрүп, 2-окууда кабыл алуу керек деп улам-улам шаштырып жатышты. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова аталган комитеттин төрагасына: “Бул - конституциялык мыйзам. Коомдук талкуу өтүп жатканда Жогорку Кеңеште эле эмес, көз карандысыз экспертизалардан өтүшү керек эле”, - деп эскертти. "Бир бол"фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев долбоорду бузуулар менен кабыл алуу чоң көйгөйгө алып келиши мүмкүн экенин айтты. "Референдум өткөрүү үчүн 300 миң кишинин колу керек болсо, мыйзам долбоорунда 10 миң деп жазылып турат. Мен 1-окууда ушул сунушту берип, оңдоп коюуну сурангам, бирок 10 миң бойдон калыптыр. Эртең чоң көйгөй жаралат", - деди Абдылдаев. Жыйынтыгында “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Жыйында катталган 104 депутаттын ичинен 98и "макул", 6сы "каршы" деп добуш беришти. Ошентип, бийлик Конституцияны өзгөртүш үчүн керек болсо мыйзам бузууга даяр экенин дагы бир ирет далилдеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан