Британиядагы Оксфорд университети дүйнөдөгү эң мыкты университет деп табылды. Дүйнөнүн алдынкы жогорку окуу жайларынын рейтингин "Times Higher Education" басылмасы "Thomson-Reuters" маалыматтык кызматы менен биргеликте түзгөн.
"Тизменин 13 жылдык тарыхында биринчи жолу америкалык эмес жогорку окуу жай мыкты деп табылды. Оксфорд университети өз эшигин 1096-жылы ачкан. Быйыл ал беш жылдан бери рейтингдин сап башында турган Калифорния технологиялык институтун экинчи орунга жылдырды. Бул орун алмашуудан башка тизменин алдынкы сабы өзгөрүүсүз калган: үчүнчү орунда - калифорниялык Стэнфорд, төртүнчүдө - англиялык Кембриж, андан соң Массачусетс технологиялык институту, Гарвард, Принстонс университеттери жайгашкан. Алдынкы ондуктун катарына 6 америкалык окуу жай кирген", - деп айтылат маалыматта.
Рейтингди түзүүдө жогорку окуу жайлардын илимий салмактары негизги ролду ойнойт. Ал басылып чыккан илимий макалалардын саны, цитата катары пайдаланылуусу, тартылган грант өлчөмү, эксперттик коомчулуктун пикири жана чет өлкөлүк кесиптештери менен биргелешип алынып барылган иштердин көлөмү сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.
Мыкты 200 окуу жайдын катарына Орусиядан бир гана Москва мамлекеттик университети кирип, 188-орунга жайгаштырылган. Өткөн жылы Орусияда мыкты эки жүздүктү толуктаган жогорку окуу жайлардын саны төртөө болгон. Тизмеге кирген орусиялык 24 окуу жайдын тогузу былтыркы ээлеген орундарынан төмөндөгөн.