Алай районунда жаңы спорттук зал пайдаланууга берилди

Алай районундагы Корул айылдык аймагынын Кең-Жылга айылындагы Ж.Алимов атындагы орто мектебинин жаңы спорттук комплексинин ачылышы болду. Бул тууралуу облустук маалымат кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземине облус башчы Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана мектеп жамааты катышты. Ош облусунун башчысы чогулгандарга куттуктоо сөздөрүн айтып: "Спорттук зал сиздердин айылга керек болчу. Мен билгенден жоон билек кыргыздын туу көтөрөр жигиттери арбын. Мына эми аларга шарт түзүлдү. Буга чейин ар кайсы жерде өз алдынча машыгып, мүмкүнчүлүгүнө жараша өздөрү аракет кылышчу. Эми сиздердин айылдан Алайдын эле эмес, бүтүндөй кыргыз элинин намысын коргогон дүйнө чемпиондору чыгарына ишенем. Мындай спорттук залдар жана мектеп имараттары, бала бакчалардын курулуштары учурда Кыргыз жери боюнча бардык аймактарда курулуп жатат. Көпчүлүгүнүн курулуш иштери аяктап, пайдаланууга тапшыруу алдында турат", - деди.

Маалымат үчүн: Мектептин жаңы курулган спорткомплексинин курулушу 2012-жыл башталган. Жалпы сметалык баасы 22 миллион сомду түзүп, мамлекет тарабынан каражыланды. Спорттук зал 3 залдан турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anash
2016-09-23 10:45:03
50%alai eli karzhylagan
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан