Дүйнөдө Анжелина Жоли менен Брэд Питтин ажырашуусу кызуу талкууга алынып жаткан учурда Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг өзүнүн маанилүү жумуштары менен алектенүүдө. Анын "Wall Street Jornal" басылмасына берген маегинде ал аялы Присцилла Чан менен алдыдагы 10 жыл аралыгында түрдүү оорулар менен күрөшүү үчүн 3 миллиард доллар бөлөрүн айткан.
"Биз ооруларды дарылоо үчүн олуттуу илимий изилдөөлөргө акча каражатын которолу деп жатабыз. Ошондой эле жаңы муундун жашоосун жакшыртып, эч ким бул дүйнөдөн капалуу өтпөсүнө ишенгибиз келет", - деп билдирген П.Чан.
Түгөйлөр алгач Сан-Франциско, Беркли, Стэнфорд жана Калифорния университеттериндеги окумуштуулар үчүн лаборатория салууга 600 миллион доллар бөлүүдөн башташат. Цукербергдин планы боюнча, жаңы медициналык иштеп чыгуулардын таасиринен адамдын орточо жашоосу 100 жылга узарат.
"Бул деген эч качан эч ким оорубайт дегенди билдирбейт. Бирок адам баласы ооруларга каршы тура алган абалда болушу керек", - деген М.Цукерберг.