SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар үчүн Орусиянын "эшигин" кантип жапсак болот?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Азыркы убакта Орусияга өтө көп кыздарыбыз кетип жатышат. Анын себеби баягы эле көр тиричилик, бирок мунун аягы көбүнчө жамандык менен коштолот. "А анын себеби эмнеде?" деген суроого такалсак, "албетте, анын себеби жанагы эле маселе" дегиң келет. Бирок баарын эле турмуш-тиричиликке шылтай берсек, анда туура болбой калат го. Жашоону ар кандай жол менен өткөрсө болот. А бирок биздин кыздарыбызга эмне болду, оңой жолуна өтүштүбү? Биздин кыздарыбыз "ыйман, абийир, намыс" деген руханий байлыктарын акча, же болбосо заманбаптуулукка алмаштыбы? Ооба, бул ачуу чындыкты мойнубузга алышыбыз керек. Биздин кыздар улуу инсандар, кыздын эле эмес, бүтүндөй кыргыз элинин намысын сактап келген Курманжан датка, Жаңыл Мырза сыяктуу энелерибизди унутуштубу?
Мен өзүм Орусияга келгениме 7 айдан ашты, ушул аз убакытта кыздардын ушундай абалга жеткенине күбө болдум. Алар өзбек, тажик улутундагы жигиттер менен мамиле куруп жүрүшөт. Албетте, мамилелери жакшы ниетти түшүндүрбөйт. Өзбек, тажик жигиттеринин ою жакшы эмес. "Беш манжа бирдей эмес" дегендей, жакшылары деле бар, бирок өтө аз. Пайыздык көрсөткүч менен айтканда, Орусияда 65 пайыз кыздарыбыз жанагы абалда. Анын ичинен: адашканы, турмуштун айынан, өзүнүн каалоосу менен баргандар да, көр турмуштун айынан да кабылгандар бар. Мындай кырдаалга кабылышынын бирден-бир себеби - ата-энесинен алыста болгону. Кой деген кожо жок, ээнбаштыктан келип чыгып жатат. Тууганы болушу мүмкүн, бирок ал бир айтат, эки айтат, үч айтат, акыры "өзүң билгениңди кыл" дейт. Ошондуктан, ата-энелер, ага-инилер, кыздарыбызды чет жакка жөнөтпөй эле коёлу. Менин аябай зээним кейиди. Ушул форумдан пайдаланып, "Кыздарыбызды кантип Орусияга киргизбей койсок?" деген суроого жооп издеп жатам. Кеңешиңиздер же болбосо жолун билсеңиздер, анда бирге аракет кылалы. Ырыс алды - ынтымак, күч бирдикте, көп түкүрсө көл болот".
"Бул айткан туура кеп, бирок сен көбүртүп салдыңбы дейм. Кыздар андай абалга чейин барышпайт, араларында жана арабызда бар. Бирок бул тууралуу мынчалык айтып, кайгырып "паника" кылбай эле койгонубуз туура".
"Кичине нерсе деп жүрүп ушул абалга жетти го. Мен бул нерсени кичине деп албайт элем, бул чоң көйгөй. Менин да эжем, карындашым бар. Биз өз бир туугандарыбызды кандай жакшы көрүп ойлосок, ошол мен айтып жаткан кыздарды да ошондой деңгээлде ойлошубуз керек. Анткени алар да бирөөнүн эжеси же карындашы чыгар. Ошол себептен биргелешип аракет кылуу керек. Бул болуп жаткан окуяга көз жумуп коюуну кайдыгерлик деп эсептейм".
"Теманы козгогон автордун келгенине 7 ай болуптур. Айткандарың туура эле, бирок пайыз боюнча кичине ашырып жибердиң деп ойлойм. Анткени сен айтып жаткан кыздардын 65 пайызы түз жүрүп, 35 пайызы сен айткандай болушу мүмкүн. Кыргызстан бутуна турмайынча, бул маселеге чекит коюлбайт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.