Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тик учагынын Сох анклавына конуусуна уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Өзбекстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылып, тик учактын Сох анклавына конуусуна уруксат сураган. Муну алар бир аскер кызматкеринин жол кырсыгына кабылып, оор абалда экени менен түшүндүрүшкөн. Ал эми кыргыз тарап өзбек тик учагынын мурда белгиленген маршрут боюнча Кыргыз өлкөсүнүн аба мейкиндигин кесип өтүүгө уруксат берген.