SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Демократия бизди кайда алып баратат?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Кыска ойлуу демократтар" өздөрүн "демократпыз" дешет, бирок кыйратып демократ боло алышпайт. "Мусулманбыз" дешет же мусулманчылыктын "М" тамгасын билишпейт, парздарын аткарышпайт. Кээ биринин ойлоруна койсоӊ, үй-бүлөлүү келиндерди эски жигиттери менен байланыштырып, жигиттери жокко жигит таап берип, жашоолорун ыплас болгон, эркин демократиянын жаркын жашоосуна чыгарып коёт. "Демократия" деген ыплас терминди жамынып алышып жаш муундун эротикалык чөйрөгө эрте аралашуусу, кыз-келиндер ата-кайната, ага-кайнагаларынын жанында жарым жыӊалач кийинүүсү, ушул сыяктуу нерселер бузукулукту жайылтып жатат. Кээ бирөөлөр мындай нерсени түшүнбөй, аны менен сыймыктанып жүрүшөт".
“Азыркы замандын эли демократия деп өздөрүн алдап гана жок болуп жатышат, байкуштар”
“Чындыгында, демократия адамдарды бузат экен. Кээ бир мамлекеттердин атактуулары бир жыныстык катнаштарга эле барбастан, үйлөнгөнгө чейин барып жатышат. Кытайда АКШлык элчи кытайлык эркек менен үйлөнүп алды деген маалыматтарды окуп калдык. Ушулардын баары демократияга келип такалууда деп ойлойм”.
“Жаш балдарга порносайттарга кирүүгө, көрүүгө кайсы демократиялуу өлкө уруксат бериптир? Бардык сайттарда "18+" деген эскертүү бар. Кээ бирлери катталбасаӊ көрсөтпөйт. Ал сайттарды тосмолоого болот, бирок ата-эне жаш балдарына тарбия берип, телефондорун көзөмөл кылуусу керек. Мындай көрүнүштүн баарына демократияны күнөөлөгөнгө болбойт. Кыргыз Республикасын демократиялуу өлкө дебей, Ислам республикасы деп жарыялап, ошонун негизинде жашаган күндө да ата-эне жаш баласына телефон алып бербей койбойт. Ошондо көрүүнү каалаган жаш балдар ар кайсы сайттарга кирип көрө беришет”.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.