2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташка салдырып жаткан үйдү оорукчан балдарга арнап, аны ден соолукту чыңдоочу борборго айландыруу сунушун айтты. Мындай пикирин 23-сентябрда социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
"Атамбаев бир кездерде Бакиевдерге таандык болгон жерде жашап, ал жерде басып жүрүп эс ала албайт. Бут алдындагы кум дагы "Мак-сим, Мак-сим, Мак-сим..." деп шыбырайт, жалбырактар, суусу дагы Максимдин атын угузуп турат", - дейт Каптагаев.