Бүгүн, 23-сентябрда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынганына 27 жыл болду. Кыргыз тилинин мыйзамынын кабыл алынган күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарында түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Айрым аймактарда тилди даңазалап, барктап, баалап, тилибиз гүлдөп-өнүгүп жаткандай түр көрсөтүлдү. Борбор калаада да калың элди чогулткан маданий иш-чара өттү.
Бул күнү атайын шаар кыдырып, андагы көрнөк-жарнактардын жазылышы менен таанышып чыктык. Албетте, кыйма-чийме унаалар, жык-жыйма адамдар жүргөн аймактарда жарнамалоо кызуу жүрөт. Бул үчүн адамдар көп жүргөн тарапка бет алдык.
Калаанын Бейшеналиева көчөсүн аралап баратып ар бир соода түйүнүнүн алдынан орус тилинде илинип турган жарнактарга күбө болдук. Жарнаманын баш жагына кыргызча, ылдыйкы саптарына орусча жазылгандары жок эмес. Ал эми аялдамаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына жармаштырылган жумушка чакырып, жумуш берген жарнамалардын көпчүлүгү орус тилинде экенин байкадык.
Мындан сырткары белгилүү компаниялардын дареги жазылган тактайчадагы жазууларда ката бар. Ал тургай суусундук саткан компаниялардын биринде сатылуучу суу идишинин сыртындагы жазуулар ката менен жазылган.
Эске салсак, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, кыргыз тили өлкөдө "мамлекеттик тил" деген макамга ээ болгон.