ЭЛДИК КАБАР: Баткен милициясы "Салам, мектеп!" жана "Камкордук" иш-чараларын өткөрдү

2016-2017-жаңы окуу жылына карата окуучулардын толук билим алуусу үчүн Баткен облусундагы ички иштер бөлүмдөрүндө "Салам, мектеп!" жана "Камкордук" иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор тарабынан Кызыл-Кыя шаарынан аз камсыз болгон, турмуштук оор кырдаалда жашаган 5 үй-бүлө, мектепке тартылбай калган 6 мектеп окуучусу аныкталды. Буларды аныкташкандан кийин милиция кызматкерлери каттоого алышып, алардын экөөсүнүн баласын шаардагы жатак-мектепке жайгаштырып, бирөөсүн борбордогу калыптандыруучу борборго, бирөөсүн Үч-Коргондогу балдар үйүнө киргизишти.

"Ош облусундагы Ноокат районунун 34 жаштагы тургуну 4 баланын энеси. Ал өзүнүн жарандык паспорту жок экенин, 4 баласынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн албаганын айтат. Бир жагынан жашоо шартынын кыйындыгы болсо, экинчи жагынан колунда документтеринин жоктугунан быйыл 14 жаштагы улуу кызы мектепке барбай калган", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан