"Кудай берип жатат" деп эле жылда төрөй бербей, жок дегенде 3-4 жыл күтүү керек" дейт профессор Абдухалим Раимжанов

"Абдан бийик тоолуу аймактарда жашаган, мисалы, Памир тоолорун мекендеген адамдардын арасында оорулуулар абдан көп. Мындай жерде жашагандардын өпкөсүнүн тамырларынын кан басымы көтөрүлүп кетет, андыктан түздүктө жашаган адамдар бийик тоолуу аймактарда жашагандарга караганда көбүрөөк жашашат", - деп билдирди тоо медицинасы боюнча Бүткүл дүйнөлүк симпозиумда Кыргыз гематология илимий борборунун директору, профессор Абдухалим Раимжанов.

"Бийик тоолуу аймактарга адам барганда демигип, өпкөсү көөп чыгат. Кан басымы да көтөрүлүп, өңү жердин өңүндөй кара-күрөң тартып, оозунан көбүк менен кан аралаш чыга башташы мүмкүн. Эгерде алгачкы жардам көрсөтүүгө дары-дармек жок болсо, дароо жок дегенде бир чакырым ылдый алып түшүү керек. Мен өзүмдүн тажрыйбамдан ушундай ыкма менен 30дай адамдын өмүрүн сактап калгам", - дейт академик.

Ал эми жүрөк кемтиги менен төрөлүү аз кандуулуктан, аялдын организминде темирдин жетишсиздигинен болорун билдирет Раимжанов.

"Учурда жаш балдардын тубаса жүрөк кемтиги, кан оорусу менен төрөлгөндөр көп экендиги аныкталууда. Мунун аз кандуулук, жакын туугандардын никеге турушу өңдүү дагы башка көп себептери бар. Гематолог катары оорулуу балдардын төрөлүү себептери ушулар деп айта алам. Ошондой эле үй-бүлөнү да пландоо керек. "Кудай берип жатат" деп эле төрөй бербей, аралыгы жок дегенде 3-4 жыл болуш керек. Аял кош бойлуу кезде, төрөгөндө организминдеги темир элементи азайып кетет. Төрөгөндөн 3-4 жылдан соң калыбына келет, андыктан темир элементи көп болуш үчүн адам витаминге бай азыктарды, жашылча-жемиштерди колдонуусу зарыл", - деди профессор А.Раимжанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
tynkatar03
2016-09-25 14:39:35
Бир жарым эки жашка чейин эмизгиле деген жери бар экен балдардын ден соолугу чын иммунитетти бекем болот дейт. Илгери кыргыз энелер ошентип бакчу экен. Азыр беш алты айдан кийин эле эмчектен чыгарат. Бул деле олкодогу экономикадан коз каранды да
+9
Aytur
2016-09-25 16:53:53
tynkatar03, Азыр 1 жаштан кийин врачтар эмизбоону сунуштап калышкан себеби азыр илгенкидей белок, витаминдуу тамак аш аз.
Мурунку 200 гр сырдагы белок азыр 2 кг сырла жок баланын да имунитети тушуп кетет тиштери кальций жетпей дакшыкпайт деп тушундурду.
+5
Kroxa
2016-09-25 14:41:06
Памирде свет жок кочмон калк болуп жашашат тура...
+3
elmurat.kg
2016-09-25 15:29:24
мышыктай эле торой бербеш керек депкой кыскале
+6
Oazis89
2016-09-25 15:39:59
тороттуш керек кырызды кобойтуш керек
+4
AKCAHAT
2016-09-25 21:00:32
Oazis89, саны эмес сапаты керек. 10 инвалид же пайдасыздан коро 2 бычака сап болчусу болсо ошол жетишкендик .
+3
Urmat_83
2016-09-25 16:01:37
Айта берет да.Дени карды соо эле журбойбузбу болбосо биз орумакпыз да.Араларыбыз 2жаштан
+1
aziziko
2016-09-25 20:09:54
Urmat_83, Сен азыр билбей атасын да бир куну чыгат ошол оорунун баары .
+2
tuigan.
2016-09-25 16:28:04
Азыркы замандын тамак ашы бут эле сапатсыз.
+2
Aytur
2016-09-25 16:57:51
Мурунку энелер менен азыркыларды салыштырып болбойт. Азыр эт алсан да даамы жок дукондон натуральный продукты таппайсын.
Азыр турмушка чыккан кыздар канчасы исинде баласы олуп же боюнан тушуп калууда мен ооруп ооруканага жатып бут эле биринчи кош бойлуу болгон келиндер ичинде чарчап калган же тушуп калгандар.
+6
Raymer88
2016-09-25 17:10:20
30 адамдын омурун сактап калгамын деп озун Кудай сезип алыптырго Кудай сактап калган ал врач жон гана себепчи болушу мумкун врачтар сактап калганда баарын сактап калбайт беле эч кимди олтурбой
-1
kgalik
2016-09-25 19:55:08
Raymer88,туура айтасын
-3
Khabib
2016-09-25 20:07:09
кыргыздын професорлору айттыбы ха ха
-3
Khabib
2016-09-25 20:08:03
професор жок кыргызстанда акаевден башка
-1
vrach
2016-09-27 02:02:17
Khabib, Базарда картошка сатып отурат окшойсун! Акаев физик булар медик айырмасы бар.
0
sagynbek.apyshev
2016-09-25 20:24:23
Ар бир торолгон бала оз ырыкысы менен келет. Торогуло кобойолу кыргыздар.
0
KYRGYZJERI
2016-09-25 22:13:03
Бул айтылган созго албетте кошулам.
1-ден балалуу болуу учун ата-энесинин ден соолугу чын болуш керек.
2-ден ата энеси баланын милдетин алып эне-балага шарт тузуу керек.
Анан кош бойлуу учурда таза азык-тулук м.н тамактануу, витаминге бай жашылча-жемишти жеш керек.
Кош бойлуу учурда УЗИ "зыян" дебей тез тезден корунуу керек.
Азыр жаш кыздар жылуу журбойт. Анан келсе миома, киста деген м.н ооруйт.
Ал оору м.н 50дон отуп ооруса мейли эле.
Проклад
0
elmurat.kg
2016-09-25 23:35:39
алга Кыргызстан кобой атасынын гору
0
elmurat.kg
2016-09-25 23:37:58
илгерки апалар ден-соолугу дын этим коп жешкен иштида аябай кылышкан турмушка бышкан чыдамдуу болушкан
азыркылар колуна бир деме тийсе аай колум деп эле назик
телефонов зыян клеткаларды олтуруп алсыз кылат адамды
-2
aseras
2016-09-26 14:05:10
Кудай берип аткандан кийин торош керек.Кудай жараттыбы?анда ушундай болушун каалады.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан