1902-жылы 25-сентябрда жазуучу Касымалы Баялинов Ысык-Көл районуна караштуу Кек-Мойнок айылында туулган. Жаш кезинде ата-энесинен ажырап, туугандарынын колунда чоңойгон. 1916-жылкы көтөрүлүштө эл менен бирге Кытайга барган.
1918-жылы Токмокко келип, дарыканада дары-дармек ташуучу, ат багуучу, армиялык казармада ашпозчунун жардамчысы болуп иштейт. 1919-жылы К.Баялинов Ташкентте ачылган 6 айлык советтик-партиялык курсту аяктап, 1920-жылы 6 айлык педагогикалык курска катышкан. 1921-1925-жылдары Алматыдагы Казак педтехникумунда, 1929-1933-жылдары Москвада Бүткүл союздук журналистика институтунда окуган.
1920-жылы Нарын кантонунун Комсомол комитетинде иштеген. 1925-жылы К.Баялинов Москвадагы Борбордук басмакананын Кыргыз секциясына редакторлукка жөнөтүлөт. 1926-1928-жылдары жана 1935-1937-жылдары "Кыргызмамбастын" башкы редактору, 1933-1935-жылдары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинин редактору, 1940-жылдан тарта "Советтик Кыргызстан" гезитинин башкы редактору, 1941-жылдан баштап "Ысык-Көл правдасы" облустук гезитинде эмгектенген.