Жалал-Абад шаарында “Сүрөт кургатуу” аталышында акция өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарында “Сүрөт кургатуу” аталышында акция өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүрөт кургатуу долбоорун “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук фонду уюштурган. "Сүрөткө байланыштуу өткөрүлгөн акциянын максаты - коомчулуктун, айрыкча жаштардын өз ара карым-катнашын өнүктүрүү, алардын руханий дүйнөсүн байытуу, кооздукка, көз ирмемге катып калган элестер аркылуу мезгилге болгон мамилесин ойготуу. Өткөн жылы дүйнөнүн 100дөн ашуун шаарларында 50 миңден ашуун катышуучулар менен ушундай акциялар өткөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, фото-сүрөттөрдү эркин алмашуу боюнча көргөзмөлөр эл аралык долбоор катары башка өнүккөн өлкөлөрдө да жыл сайын өткөрүлүп келет. Жалал-Абад шаарында аталган акция экинчи ирет өткөрүлүүдө. Акциянын жыйынтыгында активдүү катышуучуларга түрдүү номинациялар боюнча байгелер берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан