Бангладеште жол тыгындарынан улам бир үй-бүлөгө экиден ашык унаа пайдаланганга тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Дакка шаарында көптөгөн чакырымдарга созулган унаа тыгынынан улам өлкө жетекчилиги унаа сатып алууну чектөө кадамына барган. Унаалардын санын чектеген мыйзам долбоору бекитүү үчүн өкмөттүн кароосуна сунуш кылынмакчы. Андан кийин парламенттин талкуусуна жиберилет.
"Өлкөдө мындан ары жашоочулар эки машина менен ыраазы болуп жашоого туура келет",- деп билдирген транспорт министри Обайдул Квадер.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы Бангладеште 21 миң жаңы жеңил унаа, алардын ичинен 18,5 миң унаа Дакка шаарында катталган.
Эске салсак, Дакка шаары дүйнөнүн калк жыш жайгашкан шаарларынын бири болуп саналат. Учурда шаарда 7 миллионго жакын калк жашайт. 2025-жылга карата калктын саны 25 миллионго жетиши мүмкүн деп айтылат маалыматта.