Брэд Питтке карата "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген айыптоолор негизсиз болуп чыкты

Белгилүү дүйнө жылдыздары Анжелина Жоли менен Брэд Питтин ажырашуусуна эмне себеп болгондугу учурда белгисиз, бирок кээ бир окуялардын чын-төгүнү аныкталып жатат. Алсак, өткөн жумада Питтке "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген айып тагылып, ФБР (ФТБ - федералдык тергөө бюросу) айыптоолордун чын-төгүнүн аныктоо үчүн текшерүүлөр жүрүп жатканын, эгерде чын болсо актёрго карата кылмыш иши козголорун айткан эле. Кечээ, 25-сентябрда текшерүү аяктап, айтылган күнөөлөр негизсиз экенин билдирген. Андыктан жетиштүү далилдер жоктугунан ага болгон айыптар алынганын кошумчалаган.

Ал эми түгөйлөрдүн үй-бүлөсүн жана балдарын көзөмөлдөгөн борбор "Брэд Питт урушуп, урган" деген Мэддокстун денесин медициналык текшерүүдөн өткөрүп, зомбулуктун белгилерин тапкан эмес. Ал эми күбө катары суракка алынгандар актёр уулун урбаганын, Питт, Жоли жана Мэддокстун катышуусундагы уруш тууралуу видео жок экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aliko78
2016-09-26 11:52:45
Бизге ушул Бред Питин кем болуп жатат эле
+3
Medina87
2016-09-26 13:04:17
Бироонун уй-булосу биз учун карангы токой дечу беле?..
+2
aliko78
2016-09-26 14:17:32
Medina87,Туптуура
0
tatynaaiym
2016-09-26 15:23:34
Ошоо ишенген эмесмин,тузук эле атадай корунду эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан