Бишкекте жер алдындагы өтмөктөр тазаланып жатат

"Тазалык" ишканасынын жумушчулары тарабынан Бишкектеги жер алдындагы өтмөктөрдө санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Байтик баатыр/Абдрахманов, Лев Толстой көчөлөрүндөгү өтмөктөр, Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги өтмөк оңдолууда.

"Бир күндө таштанды үйүлүп, дубал бооруна түрдүү жазуулар жазылып калат. Бул тазалоо иштерин татаалдатып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин аймагында жалпысынан 11 өтмөк бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
derzkiy
2016-09-26 13:55:24
Ушуну жакшы кылып жатышат, охрана же видеобайкоо орнотушса өтө сонун болмок. Болбосо бир түндө эле булгап коюшат.
+1
Maha-0711
2016-09-26 16:25:21
Жакшы иш болуп жатыптыр. Жыты да кетмек тазалап турса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан