Дүйнөдө эң булганган шаарлардын катарын толуктаган Замбия өлкөсүнүн Кабве шаарынын 10 чакырым айланасынан суу ичүү жана абасынан дем алуу коркунучтуу деген маалыматты адистер айтып келишет. Буга чейин дүйнөлүк эксперттер Кабвени эң булганыч шаарлардын катарына кошушкан. Алардын катарына Кытай, Индия, Перу, Орусия, Украина, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдөгү шаарлар кирген.
Шаардан 1902-жылы коргошун кени табылган. Кийин түстүү металлдарды өндүрүү жана кайра иштетүү үчүн ири объектилер курулган. Кабве шаары өлкөнүн борбор шаарынан 150 чакырым алыс жайгашкан. Замбиядагы экинчи ири шаар.
Замбия өлкөсү Түштүк Африканын сууга таңсык аймагында орун алган. Түндүк-чыгышында Танзания, чыгышында Малави, түштүк аймагынан Зимбабве, Ботсвана өлкөлөрү чектешип турат. Калкынын саны 2013-жылдагы статистика боюнча 223 673 адамга жеткен.