Бишкектеги Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы Нурдин Насыркулов кызматтан убактылуу четтетилди

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы Нурдин Насыркулов кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

“Нурдин Насыркуловдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Мындан улам ал кызматтан убактылуу четтетилди”, - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

Айта кетсек, Нурдин Насыркулов Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы кызматын үстүбүздөгү жылдын 31-мартынан бери аркалап келет. Учурда анын милдетин орун басары Сейит Бейшеналиев аркалоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан