СУПЕРСТАН: "Рок музыкасы ден соолукту начарлатат, ал эми джаз эс алдырат"

SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Музыкатерапия же жан дүйнөнү дарылоо. Кыргыз музыкасын кайсы багытта пайдалана алабыз? Музыканы колдонуу менен кандай оорулардын алдын алууга болот?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Классикалык музыка менен дарылаганын укканым бар. Мисалы, Бетховен, Бах, Шопендин чыгармалары менен дарыласа, адам кадимкидей эс алып, өзүн жакшы сезип каларын аныкташкан. Мындай чыгармаларды күнүнө 5 мүнөттөн угуп туруш керек".

"Музыканын таасирин, албетте, тана албайм. Бирок мен музыка укпаган адам катары анын дарылык касиети бар экенин четке кагам. Эч качан андайга барбайт элем".

"Кыргыз музыкасын ар багытта пайдаланса болот, керек болсо медицинада дагы. Мен музыканы чарчаганда, маанайым жок болгондо, маанайым абдан жакшы болгондо, алыс жолго чыкканда угам".

"Эс алуу үчүн да, дарылоо үчүн да колдонсо болот. Эң негизгиси - кыргыздын нукура салттуу ыр-күүлөрү менен улуттук духту ойготуп, ар бир кыргыздын жүрөгүнө ыр-күүлөрдүн мукам кайрыктарын кыттай куюп, боз үйдүн кырк уугундай болгон кыргыздын кырк уруусунун башын бир түндүккө бириктирип, элибизге ынтымактын кушун байырлатууга болот. Мен буга терең ишенем".

"Рок музыкасы ден соолукту начарлатат. Мындай музыканы уккан адам оюн бир жерге топтой албай кыйналып, баш аламан учурларда өтө тынчсызданып калары аныкталган. Ошондой эле жаш балдардын ден соолугуна өзгөчө терс таасирин тийгизерин айтышкан, анткени рок музыкасынын күйөрмандары өздөрүн суицидге түртүшөрү да белгилүү болгон.

Джаз эс алдырат. Ал адамдын психикалык абалына эч таасирин тийгизбейт, ал жөн гана эс алдырат. Бирок эс алуу буулануу сыяктуу эле музыка менен кайра бат кетип калат. Эгер джаз музыкасы сизге жакын болсо, аны көпкө чейин сактап калууга болот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан