Индияда 15 долларга сатылып алынган мектеп окуучусу кожоюндарынан качып кетти

Индияда 15 долларга сатылып алынган 11 жаштагы мектеп окуучусу кожоюндарынан качып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарда 7-класста окуган өспүрүм кыз Тамилнад штатындагы Тируварур айылында чоң ата, чоң энеси менен жашаганы айтылат. Кыздын ата-энеси наристе төрөлөрү менен андан баш тартышкан. Бирок бир күнү алар кыз окуган мектепке барышып, айылдан 300 чакырым алыста жайгашкан Тамбарам шаарына алып келип, бай тааныштарына сатып жиберишет. Окуучу кыз эртеден кечке үй жумуштары менен алек болгон, бирок ага тамак бербей, акча төлөбөй коюшкан. Ал бир күнү баары уктап жатканда үйдөн качып чыгып, элден жардам сураган. Ал эми туристтик борбордун кызматкери болгон кыздын ээси полицияга келип, алыскы тууганы жоголуп кеткендиги жөнүндө маалымдаган.

Учурда кыз мамлекетттик баш калкалоо жайында. Ал эми анын мурунку кожоюнуна кулчулукка сатуу боюнча күнөө тагылган.

Белгилей кетсек, балдарды уурдап кетүү жана аларды сатып жиберүү Индияда көп кездешет. Расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылы кулчулукка сатуу боюнча кылмыштардын саны өскөн, алардын 43 пайызы жашы жете элек өспүрүмдөр. Жаш балдарды өз кызыкчылыктарына пайдаланып, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашат же үйдөгү кул катары кармашары айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
yrchy_jigit
2016-09-27 10:41:38
ХХХ,бай таанышына 15долларга сатыпбы?
+4
admin_portal
2016-09-27 12:12:52
yrchy_jigit, этика нормаларын сактаңыз!
0
omka100514
2016-09-27 11:53:17
иий үйлөрүн лөлүлөрдөй эле жашашатго, кызык ата-энеси наристелүү болсо эле баш тартып өзүнүн кызынан, эми колундагысы да чоңойуп калганда дагын төрөсү бул баласын да сатып жиберишсе керек төрөдүмго деп
0
AIZAD
2016-09-27 12:00:35
Индияда кыз баланын баркы жок, аны кийин куйоого бериш учун калын бериш керек , эркек бала уйго калын алып келет. Ошол себептуу кыздарын сатышат же таштап кетишет окшойт го...
0
simone
2016-09-27 15:02:25
Тооба деп жашайлы Кыргызстан Эли....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан