Ошто жайыт жерлери мыйзамсыз пайдаланылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жапалак айыл аймагындагы Ак-Таш, Берки-Суу жана Кара-Сөгөт жайыт жерлерин текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында максаттуу пайдаланылбай, жайыт билеттери берилбей, ижара акы, төлөө келишимдери түзүлбөгөн фактылар аныкталган.
"Атайын адистер текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан аймактар табылды. Аларга жеринде мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар толтурулду. Жапалак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Акылбек Салиевге эскертүү берилип, административдик айып пул салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.