Аксыда Үңкүр-Тоо боюнча митинг саясий абалдын курчуп жатканынан улам өтпөй калды

Бүгүн, 27-сентябрда Аксыда Үңкүр-Тоо маселеси боюнча митинг өткөрүү пландалган. Бирок өлкөдө саясий абалдын курчуп жатканынан улам митинг өтпөй калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына митингди уюштуруучулардын бири Сапар Наркеев билдирди.

"Учурда өлкөдө саясий абал курчуп турганына байланыштуу митингди 8-октябрдан кийинки убакытка жылдырдык. Биздин максат - тынчтык жолу менен маселени чечүү. Бизге өлкөнүн биримдиги, элдин ынтымагы, жердин бүтүндүгү керек. Мындан улам митингдин өтүшүн токтоттук", - деп билдирди Наркеев.

Эске салсак, 20-сентябрда митингди уюштуруучулар Сапар Наркеев, Жанарбек Надырбеков Үңкүр-Тоо боюнча 27-сентябрь күнү митинг өтөрүн маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
temirov76
2016-09-27 12:49:20
8октябрбы же 27сентябрбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан