"Президенттик аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаковдун батирди кайсы акчасына сатып алганын тергөө боюнча катты Башкы прокуратурага жөнөттүм", - деп бүгүн, 27-сентябрда активист Адил Турдукулов билдирди.
Активисттин айтымында, эгер тергөөнүн жыйынтыгында Исаковдун "мыйзамсыз байып кетүүсү" далилденсе, ал Кылмыш-жаза кодексине ылайык 5 жылга чейин камакка алынышы мүмкүн. "Атамбаевдин "оң колу" аянты 127 чарчы метрге барабар кымбат батирин кайсы акча каражатына сатып алганын айтып берүүсү зарыл. Мындан тышкары 2015-жылы Исаков 853 705 сом киреше тапкан, ал эми чыгашаларынын жалпы көлөмү 3 миллион 933 миң сомду түздү. Бул деле тергөөгө жана түшүндүрүүгө муктаж", - дейт Турдукулов.
Айта кетсек, кечээ, 26-сентябрда пресс-турдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Бөкөнбаев-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөн үй-бүлөсү үчүн жаңы батир сатып алганын айтып, Сапар Исаков анын жаңы кошунасы экенин билдирген.