Бүгүн Бишкекте насыяга коюлган үйдү бошотуу учурунда чыр чыкты

Бүгүн, 27-сентябрь күнү Бишкекте насыяга коюлган үйдү бошотуу учурунда чыр чыкты. Анда сот аткаруучулар Күрөңкеев көчөсүндө жайгашкан турак үйдү бошотуу үчүн келишкен, бирок үй ээси соттун чечимин аткаруудан баш тарткан. Кийин сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен бирге үйдү бошотуу учурунда насыя алгандардын укугун коргоо уюмунун мүчөлөрү келишип, эки ортодо чыр чыккан. Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын мүчөсү Кубан Чороев үйдү күрөөгө коюу учурунда алдамчылык болгонун айтат.

Бул үйдүн күрөөгө коюлушунда алдамчылык болгон. Аны териштирүү керек. Ал боюнча тиешелүү тараптарга арыз жазганбыз”, - деди Кубан Чороев.

Бишкекте насыяга коюлган үйдү бошотуу учурунда чыр чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kyrgyz_girl
2016-09-27 11:51:02
Эээх оз уйунду бошотуп беруу кандай оор!
+9
tashi62
2016-09-27 11:55:19
Эх насыя кандай гана жаман ,убагында алып алабыз кызыгып анан төлөөдө кыйналып калабыз .
+5
Ali-han
2016-09-27 12:00:12
Толой албагандан кийин кредит албай эле койбойбу анан. Бошотуп бер эми уйунду
+1
Oreanda
2016-09-27 12:07:46
Алдамчылык болушу мумкун эмес банк тараптан,ал эми кредит алган адам бироонун уйун алдап суранып жатып куроого койдурушу мумкун,негизи эле максаттуу иштетсе ушундай кырдаал жаралбайт болчу.
+4
dosym
2016-09-27 17:21:19
оа бирөөгө кредит алып берем деп түшүп калды окшойт бечара
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан