Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине арналган коомдук угуу өтүүдө. Иш-чарага чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттарынан Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен") менен Чолпон Жакупова ("Бир бол") гана келди.
Айта кетсек, тегерек столдо парламент депутаттарына, фракция лидерлерине, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнө, саясий биримдиктердин мүчөлөрүнө Конституцияны өзгөртүү демилгеси боюнча пикир айтууга мүмкүнчүлүк берилмекчи. Иш-чараны Жарандык көзөмөлдөө комитети өткөрүүдө.