Бүгүн, 27-сентябрда насыя алып, аны төлөй албай калгандар Бишкектеги Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар депутаттардын эл алдына чыгып, арыз-муңдарын угушун талап кылышууда. Насыя алгандардын укугун коргоо кыймылынын өкүлү Кубан Чороевдин айтымында, 2016-жылдын 1-мартында аталган кыймыл резолюция кабыл алган.
“Резолюцияда "насыя алып, аны төлөй албай калгандар тууралуу Жогорку Кеңеште комиссия түзүлсүн” деген жобо бар болчу. Бүгүн биз ошону талап кылып, Ак үйдүн алдына чыктык”, - дейт Чороев.