"Жогорку Кеңеш президентти элден жогору койду", - деди бүгүн, 27-сентябрда Конституцияны өзгөртүү демилгесине арналган коомдук угууда парламент депутаты Чолпон Жакупова.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү мыйзам долбоорлору күчкө салынып, регламентти бузуулар менен өтүп жатат. "Референдумга каршы чыкканым үчүн мени "элдин душманы" деп атап жатышат. Депутаттар менен мыйзам тилинде сүйлөшсөм, алар түшүнбөй, башка тилде жооп беришүүдө. Учурда коомчулукта Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча мыйзам чегинде кол топтоо башталды, бирок мындан майнап чыгарына көзүм жетпей турат. Анткени Жогорку Кеңеш президенттин каалоосун элден жогору коюп жатат", - Жакупова.