Укук коргоочу: "Депутаттар бизди тоготпой калышты"

"Жогорку Кеңештин депутаттары бизди тоготпой калышты", - деди бүгүн, 27-сентябрда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине арналган коомдук угууда укук коргоочу Динара Ошурахунова.

"Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп жаткан депутаттар аймактарда аталган демилге боюнча коомдук угууларды жүргүздүк дешүүдө. Биз стенограммаларын сурасак, беребиз деп убада беришти эле, бирок бүгүнкү күнгө чейин берише элек. Бүгүн атайын юристтерди, эксперттерди, саясатчыларды чакырып, талкууну уюштурсак, бир да демилгечи депутат келген жок. Биз депутаттарды иш бөлмөлөрүнө чейин барып чакырган элек. Депутаттар канчалык бизден качышса, алардын иши ошончолук таза эмес деген ой жаралат. Эгер демилгесин таза, адилеттүү, мыйзамдуу деп эсептешсе, бул жакка келип айтышпайбы", - деди Ошурахунова.

Айта кетсек, бүгүнкү коомдук угууга Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Жакупова менен Өмүрбек Текебаев келди. Депутат Алмамбет Шыкмаматов бир аз кечигип келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aliko78
2016-09-27 15:45:50
Сени андан башкасы деле тоготпойтда.
-1
erlist
2016-09-27 16:11:31
Бугунку кундун эн жакшы приколу динарахандан болду
+2
Bekzamann
2016-09-27 16:56:42
Сепаратист Кадыржан Батыровду ушул айым жана Толойкан Исмайылова Азиза Абдырасуловалар колдоп коштогондон бери эл душманындай эле коруп калдым буларды..
-1
anyshka
2016-09-28 00:40:22
Чын да. Элге эмне озгоргону жатат конституцияда эч маалымат жок. Бир сыр бардай. Убакыт дагы коргозот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан