Жол кырсыгынан каза тапкан жаш эненин апасы: "Кызымды сүзгөнү аз келгенсип, үстүнөн тебелетип кетиптир"

Бишкектин четинде, тагыраак айтканда, түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында 21-сентябрь күнү каргашалуу окуя катталды. 23 жаштагы Жанара Бараталиева 2 жаштагы жана 3 айлык кызын коляскага салып алып сейилдөөгө чыккан. Жамандыкты күтпөгөн жаш эне үчүн бул анын наристелери менен акыркы сейилдөөсү болуп калды.

Жол боюнда бараткан жаш энени жана балдарын сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. 2 жаштагы Айдана жана 3 айлык Фатима учурда энесин экинчи көрбөй турганын түшүнө элек. Алар таенесинин кучагынан мээрим издеп, аны этектеп турган чактары. Бул окуя тууралуу маркумдун жакындары төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Кызым бир жакка кетип, кайра кайтып келчүдөй эле сезилет. Арадан беш күн өтсө да, ал келип калат деп, анын көзү өтүп кеткенине ишене элекмин. Окуя болордон мурун ал телефон чалып, кичүү кызы үн салып калганын айтып сүйүнчүлөдү эле. Көрсө, бул мен үчүн да, ал үчүн да акыркы кабарлашуубуз экен. Айла жок экен... Дагы жакшы, эки кызы аман калды... Кызым окуусун бүтүп, күйөө балам менен сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Экөө эки кыздуу болуп, бактылуу жашап жатышты эле. Алдыга койгон максаттары көп болчу. Эми минтип кызым каза таап, неберелерим энесиз, күйөө балам жарсыз калды. Окуя жол боюндагы дүкөндүн жанында болгон экен. Дүкөнчү кызым менен саламдашып өткөнүн, анан катуу ылдамдыкта жол тандабас өтүп эле ызы-чуу болуп калганын айтты. Сыртка чыгып, жерде канжалап жаткан Жанараны, жолдо жаткан эки кызын көрүптүр. Айдоочу эч нерсе болбогондой андан ары айдап кетип калган. Сүзгөнү аз келгенсип, үстүнөн унаасы менен тебелетип өткөнү анын кандай деңгээлде мас болгонунан кабар берсе керек. Аны Кудай жазаласын, эмне дейм башка?! Эми кыйналсам да неберелерим чоңойгуча өзүм карап берем да. Атасы жалгыз бой кантип карамак эле? 2 жаштагы неберем апалап, энесин издеп ыйлайт. Кичүү неберем ымыркайлардын жасалма сүтүн ичип, азыр ичи ооруп жаткан кези. Кызым “мен жок булар жүрө албайт” дечү эле... Айла жок, баарына көнөт турбайбызбы”, - дейт көз жашын тыя албаган маркумдун энеси Махабат Бараталиева.

Ал эми муркумдун кайненеси Набат Назармамбетова: “Жанара менин кичүү келиним болчу. Андан айрылып калганыбызга ишенбей, кан жутуп отурабыз. Уулум экөөнүн жашоосу эми башталып келаткан, экөө бактылуу жашачу. Үйү кичинекей, тар болсо да ушул жерден өнүгүп-өсүп, экөө көптү көздөп жаткан эле да. Келинимди сүзгөн айдоочу акчасына, байлыгына ишенип жаткан үчүн ушундай кылууда. Сүзүп, бирөөнүн жанын оорутуп, аны эч бир жардамсыз эки баласы менен көчөгө таштап кетип калганы эмне деген шумдук? Анын деле ата-энеси, туугандары бар да, бүгүнкү күнгө чейин бири башын ийип келип, куран окутканга моюндары жар берген жок”, - дейт.

Окуянын күбөсү айдоочу катуу ылдамдыкта келгенин айтат. Анын айтымында, "Тез жардам" кызматы 1,5 сааттан кийин, ал эми милиция кызматкерлери окуя болгондон кийин 52 мүнөттөн кийин келишкен.

“Мен ушул аймактын тургунумун, окуянын баарын өз көзүм менен көрдүм. Жол боюнда кетип бараткан келинди айдоочу катуу сүздү. Келин жолдун берки бетине учуп, коляскадагы эки кызы жолдун ортосуна 4-5 тоголонуп барып кулады. Улуу кызы коляскадан учуп барып жерге түштү. Кичүүсүн белинен кармагычына байлап койгон экен. Мен чуркап келгиче айдоочу газды басып, келинди үстүнөн тебелетип айдаган бойдон кетип калды. Ал жерге жакын тургандар унаада айдоочудан сырткары 2 кыз жана 3 эркек киши бар болгонун айтышты. Келин оор жаракаттарды алган, аны жолдон өтүп бараткан унаага салганбыз. Биз унаага салып жатканда ал дем алып жаткан. Кийин ооруканага жетпей жан бергенин уктук. Кыздарынын жүрөктөрү катуу түшүп калды окшойт, “Тез жардам” келгиче такыр ыйлашкан жок. Кийин дарыгерлер көтөрүп кетип жатканда биринин ыйлаганы угулду", - дейт күбө Алымбек Жамансариев.

Маркум келиндин кайнатасы Келдибек Нуранов кылмышка шектүү бул окуядан кийин май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогондо аны күзөт кызматкерлери кармашканын, окуя болгон жерге анын ата-энеси келгенин билдирди.

"Май куючу жайдын тосмосун сүзүп колго түшкөн кылмышка шектүүнүн апасы ошол жерде калып, мас абалдагы уулу менен атасы акча алып келгенге кетишкен экен. Алар келтирилген чыгымды төлөгөн соң, аларды күзөт кызматы коё берип койгон. Бир адамдын өлүмүнө себепкер болуп, экинчисин сүзүп кеткен адамды тосмонун чыгымдарын төлөтүп кетирип коюшкандары акылга сыйбаган нерсе го?! Биз баары мыйзам чегинде болушун каалайбыз. Эгер эч кандай майнап чыкпаса, мен башкача жол менен сүйлөшөм. Жашым 80ге таяп калды, мен көрөрдү көрдүм, ичеримди ичтим, бирок ал адам өзүнүн кылганы үчүн жооп бериши керек", - дейт ачууланган аксакал.

Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев кылмышка шектүү учурда кармала электигин жана аны издөө иштери улантылып жатканын билдирди. Анын айтымында, Р.Жалиловду издөө иштери учурда Казакстанда да жүрүүдө.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган 1981-жылы туулган Рустам Жалилов жолдо 2 баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Бирок кийин ал жерден да кетип калган. Учурда ал Казакстанда экени айтылууда.

Каргашалуу кырсык 2 баланы энесиз калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
AIZAD
2016-09-27 17:30:25
Кылмышкердин суроту кайдан?
+5
aliko78
2016-09-27 17:49:24
AIZAD,заправкада кармалган жерде тартылганго чамасы. Түсүнөн кыргыз эмесго.
+3
mambo-1984
2016-09-27 17:43:05
Кылмышкердин унасы каякта азыр
+2
Naimanka-kg
2016-09-27 17:48:36
Эки наристенин суротун коруп демим кыстыгып кетти. Кичинекейлерим менин...
Аллахым жардамчы болсун силерге.
+13
sherzatik
2016-09-27 17:57:27
Акчага алданбай иштин аягына чыккыла милиция кызматкерлери!өмүр бою эркинен ажыратса да аздык эмес)
+10
Alixan-Nookat.2015
2016-09-27 19:17:33
Жаткан жери жайлуу болсун!
+8
ulukbek8990
2016-09-27 19:58:00
1.5 саатта келген скорый скорый эмес эле шашбаган ХХХ экен го
+2
admin_portal
2016-09-28 10:08:34
ulukbek8990, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Alibek-0001
2016-09-27 20:56:23
Кылмышкерди кантип кое беришет менттер ай ХХХ. Акча бергиче ХХХ ХХХ окшоп акча берсе кетип каласынар жыргап....
+8
admin_portal
2016-09-28 09:30:19
Alibek-0001, этика нормаларын сактаңыз!
0
Alibek-0001
2016-09-27 20:58:26
Кыргызстанда качан мыйзам иштечу эле. Кааап кайран гана карапайым калкызыбыз,кыйналды го! Сузуп кетсе,олтуруп кетсе,уруп кетсе бечаралар ыйлап ыйлап эле калып калышат.кылмышкер эркиндикте журот жыргап.
+8
Begimkyz.
2016-09-27 21:17:17
ХХХ гана десе, кан узакка кое бербейт. Азабынды тартсан экен 10 эселеп!
+8
admin_portal
2016-09-28 09:29:14
Begimkyz., этика нормаларын сактаңыз!
0
zarlyk2211
2016-09-28 03:40:09
Жаткан жери жайлуу болсун.
Сүрөтү болсо, аты жөнү тууралу толук малымат болсо. Бир эмес эки адамды сүзсө, ошондода кармай албасаңар анда биздин милициянын ыкчам издөөсү өтө начар дегим келет.
+1
Beise
2016-09-28 08:08:36
Журок ооруду Жаткан жери жай болсун, туугандарына уй булосуно кайрат тилейм, Кылмышкер турмодо ХХХ " баланы уй алып берип багышсын ХХХ
+2
admin_portal
2016-09-28 09:28:16
Beise, этика нормаларын сактаңыз!
0
daniyar84
2016-09-28 10:53:18
ХХХ ХХХ ХХХ быякта эки ымыркайды коруп кимден жакшы соз чыгат.
0
admin_portal
2016-09-28 12:23:53
daniyar84, порталда адепсиз, уят сөздөрдү колдонууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
0
Truelensk
2016-09-28 20:24:15
Эки наристе эмне болот байкуштар суротун карагым келбей койду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан