Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын Луговая айылында милициянын аймактык бөлүмүнүн курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнүн имаратын курууга 1 миллион 900 миң сом каражат бөлүнгөн. Курулуш иштерин “Асуенда” курулуш компаниясы ишке ашырууда.
"Калктын коопсуздугун камсыздоо, калк арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милициянын имараты курулуп жатат. Бул курулуш ноябрь айынын соңунда аяктайт. Курулуштун башталышына Кочкор-Ата шаарынын мэри Кубанычбек Эгембердиев, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков катышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, Жалал-Абад облусу боюнча милициянын 67 аймактык бөлүмү ачылып, иш жүргүзүүдө.