Мындан 60 жыл мурун, 1956-жылы КРнын Эл артисти, ырчы Саламат Садыкова Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн. Мектептеги окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, 1973-жылдан баштап Баткен райондук Маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштап, райондук, облустук сынактарда ырчы катары таанылган. Турмушка чыгып, 1974-жылдан тарта Талас облусунун Кара-Буура районунда жашап, 1975-жылдан тарта Кара-Буура Маданият үйүнүн алдындагы "Жылдыз" ыр-бий элдик тобунда ырчы, маданий усулчу катары эмгек жолун уланткан.
1983-жылы Польша мамлекетинде өткөн эл аралык фестивалга СССРдин атынан "Жылдыз" ансамбли катышып, 2-орунду жеңип, "Күмүш балта" сыйлыгына ээ болгон. Так ушул фестивалда С.Садыкова комуздун коштоосунда Б.Эгинчиевдин "Кызыл гүл" аттуу ырын аткарып, солист катары эл аралык сахнадагы алгачкы кадамын таштаган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Кыргыз Эл артисти, 2004-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.