Кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок” көзөмөл-өткөрүү бекети оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
“Жаңы долбоорго ылайык, чек ара бекети эки кабаттуу болуп чоңойтулуп, анда жүргүнчүлөрдү каттоо, паспортту текшерүүчү жана административдик, кызматтык бөлмөлөр жайгашат. Ошондой эле унааларды текшерүүчү жабык жай, жөө адамдар өтүүчү атайын жол да курулат”, - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.
Буга чейин айрым жарандар “Токмок” көзөмөл-өткөрүү бекетинин жабылышына нааразы болушуп, чек арадан өтө албай жатышканын билдиришкен эле.
Бул боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы курулуш иштери бүткөнчө аталган бекет жабык болорун, мындан улам жарандар жакынкы “Кең-Булуң”, “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайларынан мамлекеттик чек араны кесип өтсө болорун маалымдады.