30-сентябрдан 3-октябрга чейин өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
"Шашылыш билдирүүнүн негизинде, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 27-сентябрда ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге
СМС-билдирүүлөр жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.