Быйылкы жылдын ноябрь айына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атайын комиссиясы өлкө аймагын кыдырып, элет жергесиндеги мыкты клубдар менен китепканаларды аныктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тобу тарабынан маданий мекемелерге жеңилдик берүү максатында иштелип чыккан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда аталган министрликтин башчысы Түгөлбай Казаков билдирди.
"Бул комиссия өлкө аймагындагы эң начар клубдар менен китепканаларды да аныктайт. Мындай чаралар элет жеринде түзүлгөн абалды ачыкка чыгарат деген ойдобуз. Ошол сынактын жыйынтыгына ылайык, министрлик тарабынан элет жергесиндеги маданият мекемелеринин ишин жандандыруу жана жакшыртуу жаатында атайын программа иштелип чыгат", - деди министр.
Айта кетсек, Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Маданият үйү жараксыз абалда. Бул тууралуу маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" жөнөткөн. Анын айтымында, 7-8 жылдан бери бул жер каралбай, эч ким көңүл бурбайт.