Экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында мыйзам бузган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында “Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысынын орун басары Расул Артыкбаевдин айтымында, аталган долбоор улуттук мыйзамдардын талаптарын бузган адамдарга укуктук жоопкерчилик чараларын күчөтүү жолу менен экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында мыйзам бузууларды төмөндөтүү максатында иштелип чыккан.

Талкууда бир катар депутаттар айып пулдардын өлчөмүн кескин жогорулатуунун себептерине кызыгышты. Айрым айып пул санкцияларынын өлчөмдөрү 2001-жылдан бери өзгөрүлбөгөндүгүнүн натыйжасында азыркы учурда мыйзам бузуучуларга дайыма айып пулдарды төлөп кутулуу жеңил болуп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликтен куткаруучу практика орун алгандыгы белгилүү болду. Натыйжада экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө мыйзам бузуулар кайталанып келүүдө. Бул маселени чечүү үчүн депутат Айнуру Алтыбаева мындай мыйзам бузуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл экенин айтты. Депутат Азамат Арапбаев айып пулдарды көтөрүү коррупциялык аракеттерге алып келиши мүмкүн деген кооптонуусун айтты.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан