Өлкөдө мугалимдердин орточо айлыгы 14 миң сом, эң төмөн айлык 6 миң сом

Кыргыз Республикасында мугалимдердин орточо айлыгы 14 миң сом. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Каржы министрлигинин өкүлү Улуттук статистикалык комитетинин отчётуна таянып билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылдан тарта мугалимдердин айлыктарын көтөрүү программасы ишке аша баштаган. "Айлык акынын өлчөмү мугалимдин тажрыйбасына жана квалификациясына байланыштуу. Эң төмөн айлык 6 миң сом, эң жогорку айлык 19 670 сом", - деди ал.

Депутат Айсулуу Мамашева 19 миң сом айлык алган бир да мугалимди тааныбаганын айтты. Андан соң ал "Мугалимдердин айлыктары көтөрүлөбү?" деп суроо берди. Буга өкмөт өкүлдөрүнөн эч ким жооп бере алган жок. Каржы министрлигинин өкүлү учурда өкмөт мугалимдердин айлыктарын көтөрүү үчүн каржы булактарын издеп жатканын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
kuba1985
2016-09-28 13:48:50
Эч кандай 14 мин сом эмес. Кудайды карасанар!саатар кыскарып отуруп айына категориясы жогорку, эмгек стажыкоп мугалим 6-7 мин алса алат албаса 4-5 мин
+6
Elcinor
2016-09-28 13:58:31
Мамлекеттин атка минерлери ХХХ жептир менин апам Мугалим 3800 айлыгы 14000болгондо кана
+9
keba300989
2016-09-28 14:06:17
Elcinor, Жардынго
+2
admin_portal
2016-09-28 14:29:38
Elcinor, этика нормаларын сактаңыз!
-4
Elcinor
2016-09-28 14:12:08
Чында Ишенет деп айта беришет
+1
aiman1983
2016-09-28 14:12:16
Университете айлык которулду дешет, орточо айлык 10000жогору, контракт 47000. Контракты уч эсе которуп, айлыкты бир аз которду, мектепте айлык 4500. Анын ичинде топтомою бар, уйго жеткенче 2000калат. Бул Ош шаарындагы маалымат.
+4
samidinova84
2016-09-28 14:24:00
Булар кайдан алып эле айта берет билбейм.Менин Апам мугалим,высшый категори,эл агартуунун отличниги,40 жылдык стажы м.н,19 мин айлыкты албайтго анан?
+4
ABAkg86
2016-09-28 14:34:30
ХХХ. Кайсыл мугалим 19 000 сом айлык алат экен. Кайдагы жомок бул. Эгер мындай айлыкты КРде тологондо мектепте эле журмокпуз аялым экообуз, балдарга сабак берип. Завучтугума толук ставка-4700, 0,5 ставка сабагыма 2300дой сом. Ошондо эн томондон кичине жогору айлыка иштеп жургон боломбу? Журобуз азыр эл катары аялым экообуз Москвада. Балдарым ата-энемидин колунда. Кичине чындыка жакындатып жазуу керекпи дейм.
+9
toromyrza-92
2016-09-28 14:53:39
Мугалимдин орточо айлыгы 14000 сом болсо мен иштейт болчум .бул жомокко
+2
azim2
2016-09-28 15:02:32
Сааттарды кыскартып, категория кошулбаса каяктагы 19000 сом. Мен иштеген мектепте андай айлык эч ким албайт. 20 саат менен эсептеп айтып коюшат, бирок мектепте 20 саат менен иштеген мугалим жок. Жон эле соз
+2
Akzholtoi
2016-09-28 15:05:00
Мен мугалим кыргыз тилинен. Стажым 10 жыл. Айлыгым 5500. Депутат менден 10 эседен коп алаткен, точнее, 55000 ден жогору. Талап ото кучтуу. Аз келгенсип аттестация деп журоктун ушун алып атышат
+2
s9zen098
2016-09-28 15:27:38
Кайдагы жомокту айтып атышат. Менин мамам 20 жылдан бери мектепте иштейт, стажы да, билими да,мектептеги ээлеген оорду да жогору. Алган айлыгы 15000 сом, при чем кесиптештеринин арасында бул эн жогорку маяна, мектеп райондун борборунда. Анан кайдагы 20000 минди айтып адамдын оозун ачырышат да. 2000 сомго жетпеген айлык менен иштеген мугалимдер толтура
+2
Barika
2016-09-28 15:44:50
Бир айына айлык 2000-3000-5000сом дегенди окуп чалкамдан кетип жатам! Бир ай эртеден кечке темселеп жүрүп алган айлыкбы?! Өтө өкүнүчтүү...Ата-энеден кийин эле мээримин төгүп таалим тарбия берген мугалимдердин эмгеги ушунчалык бааланбаганы өкүндүрдү! Эң аз 10миң сом, орточо 20миң, эң көн 30миңден жогору болушу керек!!!!!!
+2
Barika
2016-09-28 15:47:49
Университетке окууга барсаң ата-энеңдин өмүр боюу жыйган байлыгын суруп алышат. Контракт деген асманда, эч кандай жеңилдиктер жок студенттерге окуусаң деле акча окуубасаң деле акча бүткөндөн кийин деле акча ишке орношууга, алган айлыгың бул!
+3
lady_91
2016-09-28 16:17:51
Barika,окусан деле акча дегенге кошулбайм окугандарга коюп беришет анткени бир группада коп болсо беш-алтоосу эле окуйт
+1
Gulim_zamujem
2016-09-28 17:21:05
Жанагы банктын торагасынын айлыгы бир кунго 6000 сомдон туура келет экен! Мугалимдер айына 6000 сом алат экен!
+4
Barika
2016-09-29 04:28:48
lady_91,
Сиңдим эрте менен уктап жаткан болот. Неге барбадың окууга десең экинчи парага барам деп калат. Бир эжейи келбейт экен сабак өткөнү эрте менен эч качан анан экзамен убагында оозуна келген сумманы айтып чогултуп койгула дейт экен. Ишенгим келбей ошол универде мугалим болуп иштеген жеңемден чын эле келбейби десем ооба деген. Бул чындык.
0
ABAkg86
2016-09-28 17:37:02
"Мектептен аясан турмо кур" деп коет.
+5
bakulya2015
2016-09-28 22:59:38
эн туура 100%кошулам окуу жайлар текшериш керек и жараксыз талапка жооп бербеген билими томон окуу жайлар жаап салыш керек,саны бар сапаты жок. Толька акча акча жана акча кээ бироолор айтатда студент акча беришке озу куноолу дейт бирок акча бербегидей кылып окутса болотда,окубаса айдашсын,апасын акчасын кетирип окубай жургондон кору уйдо жардам берсин апасына. Анан мектеп окубай начар келген дешет эгер начар келсе анда неге окууга кабыл алышат неге акчасын алышат,арам акча ак болбойт.
+1
NURSAPAR
2016-09-29 21:30:12
Кой эээ кайдагыны айтып адамды суйунтпой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан