Бишкекте 01 001 ААА унаа номуру 594 миң сомго сатылды
Бишкекте өткөн аукциондо 01 001 ААА деген автоунаа номуру 594 миң сомго сатылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 01 коду менен башталган бул "крутой" номурду Бишкек шаарынын тургуну сатып алган. Номурдун баштапкы баасы 70 миң сом болчу. Бүгүн ошондой эле 777 ААА номуру аукционго коюлат, баштапкы баасы 60 миң сом. Белгилей кетсек, буга чейин аукцион аркылуу 111 ААА номуру 160 миң сомго, 888 ААА номуру 180 миң сомго, 999 ААА номуру 282 миң сомго сатылган.