Бишкек шаарында 1-Октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата социалдык жарманке уюштурулат. Бул тууралуу жарманкенин уюштуруучулары билдиришти. Жарманке борбордук аянтта, "Ала-Тоо" кинотеатрынын жана Курманжан датканын эстелигинин жанында өткөрүлөт. Ага кол өнөрчүлүк менен алектенген карылардын эмгектери коюлат. Саат 10:00дө башталган бул жарманкенин башкы максаты - улгайган жарандарды колдоо жана жасаган буюмдарын сатып, өздөрүнө каражат таап алуусуна шарт түзүү.
Жарманкеге Бишкек шаарынын улгайган тургундары кийизден жасалган улуттук буюмдарды, токулган көрпөчөлөрдү, оюнчуктарды, өздөрү жасаган таттууларды коюшат.