Кыргыз Республикасында 840 илимдин доктору, 4 миңге чукул илимдин кандидаты бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук илимдер академиясынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Абдрахман Мавлянов билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинде миң кишиге 0,8 окумуштуу бар. "Салыштырсак, бул көрсөткүч Орусияда - 7,5, Казакстанда - 1,7, Беларуста - 4,7, Казакстанда - 1,7. Эң төмөн көрсөткүч бизде, бирок көп деп жатабыз", - деди Мавлянов. Депутат Айнуру Алтыбаева жаш окумуштууларга шарттарды түзүү жана ойлоп табууларын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экенин билдирди.