Бүгүнкү күндө көптөгөн кыргыздар чет өлкөгө чыгууну эңсегени менен, басымдуу бөлүгү Кыргыз жерин кыдырып көргөн эмес. Чет өлкөгө чыгардан мурун мекенибиздин ажайып кооз жерлерин
көрүп, таанышуу алгачкы милдетибиз эмеспи?..
Окурмандарды өлкөбүздүн экинчи борбору болгон байыркы Ош облусу менен тааныштыруу максатында сапарга чыктык. Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолу тууралуу түркүн кептерди укканбыз. Миң жолу укканча, бир жолу көргөн артык деген ойдо, Ошту көздөй учак менен эмес, унаа менен бет алдык. Чүй облусунун аймагынан чыкканча шаштык, себеби шаардын күнүмдүк жашоосунан тажап, көнүмүш күндөр түркүн кооз көз ирмемдер менен толукталышын чыдамсыздык менен күттүк.
Бишкек-Ош жолундагы кооз жаратылышты жогорудагы сүрөттөрдөн көрө аласыз.