ЭЛДИК КАБАР: Базар-Коргон районунда жол чырак бийикте эмес, жерде иштеп жатат

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун борборунда жол чырак кадимки абалында турбай, жерде жаткан боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу 29-сентябрда окурман SUPER.KG`ге WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул жол чырак турган жерден Патрулдук милициянын кызматкерлери күндө өтүшөт. Бирок жерде жаткан жабдууга көңүл бургандар болбой жатат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rukopashnik
2016-09-29 09:42:44
биздин чоңдор ушул жол чырактай болсо кана,туруп эмес,жатып алып иштеп атат ...
+7
nurka_85
2016-09-29 09:46:51
Тиешелуу адамдарга штраф жок дегенде салыш керек. Кайдыгерчилик, уят чет элдиктер отуп калса эмне деген ойдо кетишти? Шылдын болуп буттук го ансыз деле?!
+2
stukach
2016-09-29 10:10:47
Уят еле ха ха
0
adimyrza
2016-09-29 10:39:48
Зато жерде болсо да иштеп жатыптырго иштебей жаткандан коро
-3
Bars111
2016-09-29 11:28:12
Урматтуу Автор( сүрөттү тартып жөнөткөн адам) жол чырактын иштешине, орнотулушуна ПМ жооп бербейт. Жол чырактарды тейлеген озүнчо(граждандык) бир болүм иштейт.
-3
Ilgiz2016
2016-09-29 11:39:56
Ооо менин районумго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан