Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев Бишкек мэриясын электр мамыларына жарнамаларды жабыштыруу менен күрөшүүгө чакырды. "Айрым жарандар өз ыктыяры менен демилге көтөрүп, мамыларды тазалап жатышат. Ал эми ишканалар жарнамаларды баары бир илишүүдө. Муну токтотпосок, шаардын көркү жагымсыз болуп калат. Европада жарнамалар үчүн атайын чоң такталарды коюшат. Кызыкдар жарандар ошол жерден керектүү кызматтарды таап алышат. Бишкек мэриясы да ушундай кылса болот", - деди Рыспаев.