Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев өкмөттү жана шаарлардын башкармалыктарын турак жайларды куруу маселесин колго алууга чакырды.
"Мамлекеттик ипотека программасы аркылуу 350 жараныбыз үйлүү болду. Бул жакшы көрүнүш, бирок бир гана мамлекеттик кызматкерлер үчүн эмес, жаштарыбыз үчүн да программаны түзсөк жакшы болмок. Өкмөт суу, электр энергиясы, жылуулук маселелеринде жеңилдиктерди камсыздап берсе, турак жайдын 1 чарчы метринин баасын 300 долларга чейин түшүрсө болот. Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге шаарлардан үй сатып алууга шарт түзүлмөк", - деп сунуштады Акаев.
Айта кетсек, учурда Бишкекте жаңы курулган турак жайлардагы батирлердин 1 чарчы метринин орточо баасы 700-1000 долларга барабар.