Базар-Коргон районунда бийикте эмес, жерде иштеп жаткан жол чырак алынды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ага тескөөчүсү Мыктыбек Турдубеков жол чырак боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берилгенин, тийиштүү адистер жол чыракты жакын арада калыбына келтире турганын бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Жалал-Абад ОИИБинин Адистештирилген монтаж-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Илхам Торакуловдун билдиришинче, жол чырактын түркүгүн мурда унаа сүзүп кетип, зыянга учураган түркүк кечээги шамалда кулап түшкөн. Жабдуу бүгүн түштөн кийин орнотулары айтылды.
Эскерте кетсек, бүгүн жергиликтүү тургундардын бири жол чырак жерде иштеп жатканын, ал жерден ары-бери өткөн Патрулдук милициянын кызматкерлери ага көңүл бура электигин кабарлаган эле. Маалымат "Элдик кабарга" чыккандан көп өтпөй жердеги жол чырак алынганы белгилүү болду.