Аукциондо сатылган номурлардан түшкөн каражаттын 91 пайызы мамлекеттин казынасына жумшалат

Аукциондо сатылган номурлардан түшкөн каражаттын 91 пайызы мамлекеттин казынасына которулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

"Аукционго коюлуп сатылган номурлардын 9 пайызы Мамлекеттик каттоо кызматынын казынасына калтырылып, ички чыгымдар жана керектөөлөр үчүн, ошондой эле аукционду өнүктүрүү үчүн жумшалат. Сатылган номурларды сатып алуучу 3 жумушчу күнүндө акчасын төлөп алып кетүүсү керек. Эгерде 3 күн ичинде алып кетпесе, анда аукционго катышкандагы баштапкы баага коюлган сумманын 10 пайызы алынат", - деп билдирди басма сөз катчысы.

Маалыматка ылайык, сатып алуучу алып кетпеген номур үчүн кайрадан аукцион жарыяланып, өткөрүлөт. 28-сентябрда өткөрүлгөн аукциондо 594 миң сомго сатылган номурдун баштапкы баасы 70 миң сом болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы катардагы номурларга 1100 сом деген баа койгон.

"Акыркы 10 күн аралыгында аукцион менен сатылган номурлардан 3 миллион сомдон ашуун каражат түшкөн. 3 сандуу жаңы номур чыккандан бери 35 миң номур сатылды. Анын ичинен KG 777 ААА номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылды. Бул сумма эң жогорку ченди кармаган баа болуп калышы ыктымал", - деп кошумчалады Эржигитов.

Эске салсак, кийинки жолу өткөрүлүүчү аукцион 3-октябрга белгиленген. Мындан ары номур сатуу үчүн ай сайын аукцион уюштурулуп турмакчы. Буга чейин 28-сентябрда өткөрүлгөн аукциондо 01 001 ААА номуру 594 миң сомго сатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Patriot..kg
2016-09-29 11:51:00
9% чонтоко урат бекен?
0
Aylin.91kg
2016-09-29 12:00:23
Азыр эле 777 ААА номерин 1,6 млн го чыгыптыр жакшы го дейли, бирок жашоо учун курошуп жаткан канчалаган акчага муктаж инсандар бар, баарын эмес жарымын берсе деле сообун алмак!
+1
nemo2016
2016-09-29 12:06:17
Кыргызстанда номерине карап жолун тос болуп калабы
+2
Seryi-Kardinal
2016-09-29 13:52:34
bul nomerlerdi 4ernyilar alsa kerek
0
Erl017
2016-09-29 12:37:53
Бирок эч ким жебесе деп кошуп койбоптур
0
Riokyrgyz
2016-09-29 13:03:59
Чиновниктердин жеп ичкендерине,жол киресине айлыгына дегени да.элди ойлобой калды го булар.
0
nur_zhoni
2016-09-29 13:55:46
Супер кг бишкек шаарына 01 номери болсо башка облустарга берилген номерлер жонундо маалымат берип коюнуздарчы
0
Гүлжан Асанкожоева
2016-09-29 15:18:33
nur_zhoni, бардык маалымат бул шилтемеде http://www.super.kg/kabar/news/131415/
0
nur_zhoni
2016-09-29 13:57:00
Супер кг 01. 02. Автоуна номерлери боюнча маалымат берип коюнуздарчы
0
RASTAMAN
2016-09-30 16:45:58
kazynaga baryp, kaira ele ozdorunun chontoguno tuwot da))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан