"Euronews" каналында Кыргыз өлкөсүнүн кооз жаратылышы тууралуу ролик көрсөтүлөт

"Euronews" каналында Кыргыз өлкөсү тууралуу кооз ролик көрсөтүлөт. Бул тууралуу маалыматты "Antares Creative Group" социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады. Видеонун башкы каарманы катары Жер шарын түрө кыдырып келген мекендешибиз Руслан Токочев тандалып алынган. Ошондой эле видеотүрмөктө Кыргыз өлкөсүнүн кооз жаратылышы, туристтик багыттар жана көчмөн элдин духу көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Руслан Токочев өткөн жылдын август айында "Супер-Инфо" гезитине маек берип, жер кезүү кызыктарга бай болорун жана кыйынчылыктар менен да коштолорун айткан. "Башында эки жылдын ичинде Жер шарын айланып чыксам керек деп пландаган элем. Виза алуу кыйынчылыктарынан улам сапарымды кыскартууга туура келип жатат. Мен көбүнчө автобус менен жүрөм. Жолдо жүрүү 5 саатты алса, ага чыдасаң болот, бирок көбүнчө 12 саат же андан узагыраак аралыкка чыдоого аргасызмын", - деп билдирген. Ал эми ушул эле жылдын ноябрь айында саякаттан кайтып келген.

Кыргыз жери чет элдиктердин көз карашы менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shamilaisan
2016-09-29 13:53:45
Сонун мага жакты
0
Abdurahman
2016-09-29 14:21:51
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан