Депутат өкмөт өкүлүнө: "Референдум өткөрүүгө 317 миллион сом кетет экен, элден макулдук сурадыңарбы?"

Кыргыз Республикасында референдум өткөрүүгө 317 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенконун суроосуна каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов жооп берди.

"Референдумга 317 миллион сом жумшалат экен. Элден макулдук сурадыңарбы? Силер өткөргөн тегерек столдорго 300дөй адам катышыптыр. Бул жалпы эл эмес", - деди депутат.

Алмазбек Азимовдун айтымында, быйыл жергиликтүү кеңештерди шайлоону өткөрүүгө бюджетте 236 миллион сом каралган. "Биз референдум менен жергиликтүү кеңештерди шайлоону бир күндө өткөрүүнү пландап жатабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ruffo90
2016-09-29 13:10:34
Депутаттарды камсыздоого да жылына миллиондор кетет, ага да элден уруксат сураш керек эле анда.
-6
Jaloshtalnarisbatchui
2016-09-29 16:52:36
ruffo90,туура эле айттын сага минус басышты... бугункуго чейин элден сурап журушкондой суроо берилиптир да...кулкулуу...Конституцияны Отунбаева мн эле Текебаев жазыш керек пи... алар кимдин адамы экени белгилуу...же алар коомдук талкууга алып чыгышты бы
-1
anyshka
2016-09-29 17:16:06
Jaloshtalnarisbatchui, жалгыз Текебаевдин колунан келбей атпайбы. Куйуп бышып айтканын ким угуп атат. Ырчы артист атабыздын доору да
бутот.
+1
Palan4a
2016-09-29 13:15:12
"элди урганым барбы!" дейт эмне демек эле?…
+8
zikirovna
2016-09-29 13:48:01
Ошол миллиондорду тынч эле референдуму жок эле элге пенсия пособияга болуп койбойбу
+6
Sirduusezim
2016-09-29 14:22:43
zikirovna, туппа тура! Милионду кетиргенче пенсияларды кобойтсо милиондон ашык сооп алат го
+2
bektemiroff994
2016-09-29 13:55:48
Эмне бир кундо откоруп жибергидей бул бийликтегилерге той же юбилей беле,Кыргызстанда 6 млн калк бар,бийликтегилерге айтпайын дейсин,оздору ушундай иштерди кылып элдин назарынан чыгып калышат,элдин назары жаман туугандар!!!
0
alirun
2016-09-29 14:16:40
Референдум откоробуз деген депутаттар да, эмнеге окмот элден сураш керек. Эл каршы болсо деле депутаттар чечээрин билип туруп, эжебиз мындай суроо салып жатканы мени тан калтырып жатат.
-2
KGstan1981
2016-09-29 14:18:32
Бул депутат айым орус улутунда болсо дагын айрым Мискенбаев, Жанар Акаевке окшогон депутаттарына караганда туура сууро бериптир.Ошол 300млн сомго авариялык абалдагы мектептерди ремонтошпойбу,мектептерде китеп жетишсиз китеп чыгарышпайбы.Чек арабыз мышык ыйлайтурган абалда каалаганы киришет каалаганы чыгышат чек араны бекемдешпейби.Айтоор проблема коп.
+6
Arslan12
2016-09-29 14:57:19
KGstan1981,Китепти балдардын тамагын кыскартып ошонун эсебинен жумшагыла деп жатышпайбы.
+1
KGstan1981
2016-09-29 15:27:49
Arslan12,Меним угушумча Ак уйдо жана ЖКте иштегендердин первый второй тамак аштары бекер экен ошолордун тамактарын кыскартыш керек.
+3
Arslan12
2016-09-29 14:40:06
Кризис болуп жаткан маалда референдум керек беле озу бизге, жашап эле келе жатпайбызбы 2020 чейин деле жашайбыз кудай буйруса, бизге жумуш орду керек жаштарга дуйнону темселетип кыдыртпай, силер отурасынар той, референдум деп озунорду ойлоп, бийликте кантип калып калыштын амалын коздоп.
+5
anyshka
2016-09-29 17:22:16
Arslan12, МЭРибиздин эле 29 участогу бар болсо тиги артист ырчы атамдыкын айтпай эле коелу. КТРК кечкеле мактайт. Оомо калкпыз жумушун алсан ал деп чындыкты суйлогуло да.
-1
HAPPY.GIRL
2016-09-29 15:24:13
Биздин атка минерлер качан эл менен эсептешчу эле,ичип жеп анан красиво суйлоп коюшса эле,болбосо онугууго баардык шарттары бар Кыргызстан 25жыл ичинде орто азиядагы гулдогон мамлекет болмок.
+2
Dimonbek
2016-09-29 15:34:27
Менин оюмча бул бийлик эл кааласа каалабаса референдум өткөргөнү калышты. Ошондуктан жок дегенде элге 2 вариантты сунуш кылышын талап кылыш керек.
1. Жаңы Конституция кабыл алынсын
2. Эски Конституция бойдон калсын
+1
Omush94
2016-09-30 13:42:17
Ошол 317 миллион сомду рефендумга жумшаганча чек араны тактап тикен зым менен тосуп койсонор сонун болмок тынчраак уктамакбыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан