Токтогул районунда балык чарбасын өнүктүрүү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулады

Токтогул районунда балык чарбасын өнүктүрүү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Ырысбай Сейдалиев билдирди.

"Быйыл балык чарбасын өнүктүрүүгө жеке ишкерлер менен биргеликте бир топ аракеттер көрүлдү. Райондо балык чарбасын өнүктүрүүгө 7 көлмө ачылды. Жаңы ачылган көлмөлөргө 6,5 миң майда балык, 42 миң чоң балык коё берилди. Чоң балыктар 2 айда сатууга чыгарылат. Мындан сырткары жаңы инкубациялык цех ачылды", - деди Сейдалиев.

Маалыматка ылайык, Токтогул району боюнча балык чарбасында өндүрүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге жогорулаган. Негизинен балык чарбасында форель өстүрүлөт. Алдыда алтын карп, сазан, толстолоб балыктарын өстүрүү мерчемделүүдө. Учурда сазан балыгын өстүрүүгө көлмөлөр даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан