Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандарга турак жай курууга жер берилет

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылында жер көчкүдөн жабыркагандарга турак жай курууга жер берилет. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына Сузак районунун акими Муктар Маматов билдирди.

"Өкмөттүн токтому чыгып, аткарууга жиберишти. Эми биз жабыркагандарга жер бөлүп берүү маселесин карайбыз. Бул боюнча айылдын элине кабар берилди. Учурда калкты жаңы аймакка жайгаштыруу боюнча иш жүрүп жатат", - деп билдирди.

Район акиминин айтымында, урап, жашоого мүмкүн болбогон турак жайлардагы 8 үй-бүлө быйыл кышта жакын туугандарынын үйүндө күн кечиришет.

"Быйылкы жылда жабыркагандарга үй куруп берүү, каражаттан жардам көргөзүү маселесинде мүмкүнчүлүк болбой ушул убакыт болду. Мындан улам Алмалуу-Булактын тургундары ошол айылда жашоого уруксат бергиле деп бир канча жолу келишти. Кат аркылуу да кайрылышты. Чогулуп да келишти. Өлкөдөгү бардык жогорку тийиштүү кызматтарга кайрылышты. Айла жок, уруксат берүүгө туура келди", - деп кошумчалады район акими Маматов.

Белгилүү болгондой, район жетекчилиги айыл элинин жашоочуларынан "Алмалуу-Булакта жашоо коркунучтуу болсо да айылда жашаганга өзүбүз макулбуз" деген түшүнүк каттарды жаздырып алышкан.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде окурман WhatsApp аркылуу жер көчкү болгонун SUPER.KG порталына кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bek94
2016-09-29 19:56:24
Бизге да жер берилиши керек. бизде кооптуу жер бар көчүп түшсө көбүн басып калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан