Бишкекте тиешелүү мекемелер унаа жолуна коюлган дөңсөөнүн кереги жок экенин 2 айдан кийин түшүнүп, алып жатышат (фото)

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарындагы бир тараптуу Исанов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүн кесип өткөн аймагында 2-3 ай мурун коюлган дөңсөө алынып жатат. Мэриянын алдындагы "Бишкек асфальт-сервис" муниципалдык ишканасы буйрук Патрулдук милициядан берилгенин айтышты.

Патрулдук милицияга байланышканыбызда басма сөз кызматы башта дөңсөө коюу керектигин мэрия демилгелегенин билдиришти. "Ооба, дөңсөөнү кайра алуу чечимин Бишкек шаардык патрулдук милициясынын көзөмөлдөө бөлүмү чыгарган. Себеби дөңсөө жол чыракка жакын жайгашып, унаалар 10 метр аралыкта катуу деле күүлөнгөнгө жетишпейт. Ошондой эле жөө адамдар бул аймактан аз өтөт", - деди Таалай Бугубаев.

Мындай дөңсөөлөр кайсы бир аймактын тургундарынын суранычы менен же кырсык көп катталган жайларда коюлат, бирок бул дөңсөөлөрдү жайгаштырууда анализ жүргүзүлбөгөнү байкалып турат. Канча сумма коротулганы боюнча узаткан суроолорубуз жооп тапкан жок. Ошентсе да бюджеттен каражат максатсыз пайдаланганын танып болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Grand
2016-09-29 18:01:05
Кайран акча, койдуруп кайра алдырып. Мээ иштебесе бекер экенда.Кандай адамдар иштешет экен ушундай чон, тиешелуу мекемелерде?
+14
nura.177
2016-09-29 19:16:43
Grand,акчасы кооп мээси жоктор иштей
тда
+7
Serenada
2016-09-29 18:18:45
иш жок дегиче иш кылып атышыптырда
+9
kairhai
2016-09-29 19:05:44
Штраф салыш керек жолду бузгандарга!
+4
white_angel
2016-09-29 20:44:18
Анткени ал донсоолорду бут машинелер айланыып отчу да счетная палата жактан)))))
+1
vangolu
2016-09-29 21:07:50
гагарина кочосундогу Худ академиянын алдындагы донсоо оюнчук болдуго.жаны коюлуп 2 жумадан кийин алынып,эми кайра коюшуптур.хохмалар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан